АБИДОВ Абдыкадыр

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 26 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБИДОВ Абдыкадыр Омарович (1965-жылы туулган , Ош облусу, Кара-Суу району, Кеңеш айылы) – техника илимдеринин доктору (2003). Машиналардын динамикасы боюнча адис, ФПИни (1990), КР УИАнын Машина таануу институтунун аспирантурасын (1996) бүтүргөн. КР УИАда инженер, улук инженер, илимий кызматкер, Ош технол. университетинде окутуучу, «Автомобиль транспорту» кафедрасынын башчысы (2003-жылдан), КРдин Инженердик академиясында башкы окумуштуу-катчы болуп иштеген (1996-2003). 40тан ашык илимий эмгеги, 1 монографиясы жарык көргөн. Илимий эмгектери негизинен өзгөрүлмө структурадагы механизмдерди жана алардын негизииде машиналарды жасоого арналган.
Эмг.: Динамика отбойного молотка с ударным механизмом переменной структуры. Б., 2001.