АБДУЛЛА Хафиз

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:16, 10 Июль (Теке) 2023 карата imported>Lera тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДУЛЛА Хафиз (чыныгы аты-жөнү – Файзуллаев Абдулла; 1869 – 1944) – артист, Кыргыз ССРинин эл артисти (1940), Өзбек ССРинин эл ырчысы (1943). Наманган шаарындагы шайырлар ийриминде, Чыгыш труппасында, Оштогу музыкалык драма театрында, согуш жылдарында Ташкент облусунун Янги-Юл шаардык музыкалык драма жана комедия театрында эмгектенген. «Көчө багы», «Ош шагы», «Эшпай», «Абдурахман Беги», «Баят», «Календер» жана башка ырларды аткарган. Абдулла-Хафиз аткарган мукамдуу ырлары Кыргыз радиосунун фондуна жазылып алынган.