АБДРАХМАНОВА Симийла

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:17, 24 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАХМАНОВА Симийла (1944-жылы туулган, Чүй облусу, Чүй району, Кегети айылы) – педагог, КРдин эмгек сиңирген мугалими (1995), КРдин эл мугалими (2001). Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун музыкалык факультетин бүтүргөн (1967). Калинин районундагы Эркин-Сай орто мектебинде музыка мугалими (1967), башталгыч класстын мугалими (1976). Мектеп окуучуларына башталгыч билим берүүнүн дасыккан устаты болуу менен агартуу системасына кызмат өтөгөн. Бир нече конкурстардын («көргөзмөлүү сабак» ж. б. у. с.) жеңүүчүсү.

Файл:АБДРАХМАНОВА26.png