АБДРАМАНОВ Калдарбек

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:42, 24 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБДРАМАНОВ Калдарбек Алишерович (1955-жылы туулган, Жалал-Абад облусу, Базар-Коргон району, Акман кыштагы)– хирург, медицина илимдеринин доктору (1996). КММИни (1982), ошол эле жерде аспирантураны (1993) жана РМИАнын А. Н. Бакулев атындагы жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунун докторантурасын (1996) бүтүргөн. КММИде ассистент, №1 ШКОда хирург, Кыргыз кардиология ИИИнда врач, РМИАнын жүрөк-кан тамыр хирургиясы институтунда клиникалык ординатор болуп иштеген. 1997-жылдан КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин кардиология жана терапия илимий борборунун башкы илимий кызматкери, КММАда профессор. Тубаса жүрөк кемтигин хирургиялык жол менен айыктыруу жана жүрөктүн согуу ыргагынын бузулушун дарылоо боюнча адис.