АБАКИРОВ Мамыт

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:00, 21 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБАКИРОВ МАМЫТ(1912, Ош областы, Совет району, Чалма кыштагы - 2003, ошол эле жерде) – жылкычы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу. 1931-жылдан Ош областынын Совет районундагы «Ленинчил жаш» колхозунун колхозчусу, 1934-41-жылдары № 2-талаа бригадасынын бригадири. 1946-64-жылдары жылкы фермасынын башчысы. Коомдук малды өстүрүүдө жана анын кунардуулугун арттырууда мыкты ийгиликтерге жетишкен. Ал башкарган ферма 1947-жылы 90 бээден 90 кулун алып, аман асыраган. Кыргыз ССР Жогорку Советинин 4 жолку депутаты.Ленин ордени менен сыйланган.

Файл:АБАКИРОВ 412.png