АБАКАН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:50, 31 Март (Жалган куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – Россия Федерациясындагы шаар

, Хакас Республикасынын адм. борбору (1991). Минуса ойдуңунун борб. бөлүгүндө жайгашкан. Абакан д. Енисейге куйган жердеги кеме турагы. Калкы 176,2 миң (2015). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Хакасиянын маданий, ил. борбору. Жеңил (тигүү, трикотаж, бут кийим ф-калары), тамак-аш, курулуш мате риалдар, жыгаччылык өнөр жайлары, мех.-тажрыйба, болот куюу з-ддору иштейт, Он бир ЖОЖ (филиалдары м-н), ун-т, пед. ин-т, үч театр (а. и. Хакас улуттук, 1931; Орус театры, 1939), китепканалар, мекен таануу музейи, филармония, дендрарий бар. Оор машина куруу («Абаканвагонмаш», «Абакан ОМЗ») өнүккөн. 1823-ж. УстьАбакан кыш. катары пайда болгон (1925– 31-ж. Хакасск).