ААРЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

ААРЫ ЗЫЯНКЕЧТЕРИ, а а р ы д у ш м а н д а р ы – аарыга жанa аары чарбачылыгына зыян келтирүүчү жандыктар. Алар 2 топко бөлүнөт: уюкта жашап, аарыга жанa анын азыктарына мителик кылуучулар; бал челекте же ал жайгашкан жерде жашап, ага кол салуучу жырткычтар. Аары мителери: амёба, грегарина, нозема, ак курт, кене, жумур баш, канатсыз чымын, кычы доңуз, аары бити. Булар аарынын денесине жабышып, мителик кылат. Уюк мителери: момчу, гүл чаңчы, эмерекчи ж-a үй күбөлөрү,кыпчуур, тарпчы, теричи, анткор коңуз, аары кенеси. Алар көбүнчө уюктагы бал, мом, гүл чаңын жейт. Аары жырткычтарына карышкыр аары, заардуу шимикчи аары, аңчы чымын, кумурскалар, жөргөмүштөр, чычкан, аарычыл куш, сары аарычыл, ийнеликтер ж. б. кирет. Айрым учурда аюулар да аары уюгун талкалап, балын жеп кетет. Аары зыянкечтери механикалык, химиялык жана башка жолдор менен жок кылынат.