«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:10, 11 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«БААТЫРЛАР АЛЛЕЯСЫ» МЕМОРИАЛЫ ‒ Бишкек шаарынын Жаш гвардия бульварында курулган скульптуралык мемориал комплекс. Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 30 жылдыгына карата карата 1975-жылы ачылган. Советтер Союзунун Баатырлары Ч. Түлөбердиев, Д. Шопоков, Н. Я. Ананьев, Г. Е. Конкин, И. В. Москаленко жана Г. А. Петренконун бюсттары, кыргызстандык Советтер Союзунун Баатырларынын жана Даӊк орденинин толук кавалерлеринин ысмы жазылган мемориал такта орнотулган (скульпторлор: Т. Садыков, Г. Тупый, В. Шестопал, Т. Досмагамбетов, З. Хабибуллин, А. Мухитдинов; арх. В. В. Курбатов).