«АРТХАШАСТРА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:56, 11 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АРТХАШАСТРА» (санскр. – пайдалуу жашоо ж-дөгү илим) – байыркы индиялык трактат; мамлекетти башкаруу маселелери боюнча көрсөтмөлөрдүн жыйнагы. Болжол менен б. з. ч. 4-кылымдан – б. з. 2–3-кылымдарда жазылган. Анын негизин Каутильо түзүп, кийинчерээк башка авторлор тарабынан толукталган. Изилдөөчүлөр «Артхашастраны» мааниси боюнча үч темага бөлүшөт: акылдуу падышанын ишмердүүлүгү жана вазийпалары; башкаруу жана укук; согуш жана дипломатия маселелери. «Артхашастра» – Байыркы Индиядагы коомдук мамилелер, экономикалык, саясий институттар жөнүндөгү булак болуп саналат.