«АРПА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:02, 5 Декабрь (Бештин айы) 2022 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up, replaced: м-н → <span cat='ж.кыск' oldv='м-н'>менен</span>) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

"АРПА"– ачык акционердик коом. 1992-ж. Бишкек пиво з-дунун базасында түзүлгөн. Завод 1906-ж. соодагер Иванов Н. И. тарабынан негизделген. 1908-ж. продукция (пиво) чыгарып баштаган. Пивонун өндүрүлгөн көлөмү жылына 19 миң декалитрди түзгөн, жумушчулардын саны 18 адам болгон. Механизациялаштырылган процесстердин жоктугунан з-д аттын күчү менен иштеген. 1922-ж. көлөмү 6 см3 болгон кыймылдаткыч орнотулат. 1926-ж. аны локомобилге алмаштырат. 1932-ж. продукция өндүрүү 446 миң декалитрге жеткен. Ал уюшулгандан бери модернизацияланып, негизги технол. тетиктери алмаштырылып келе жатат. Бул киргизилген жаңылыктар продукциянын сапатын жогорулатып, анын сакталуу мөөнөтү узарды. Учурда AAK тарабынан жерг. сорттордон пивонун бир нече түрү чыгарылууда.