«АРАШАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:30, 9 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АРАШАН»– ачык акционердик коом (2005). Кара-Буура р-нун Кызыл-Адыр айылында жай­гашкан. Талас мамл. сүт з-дунун Киров айылындагы филиалы болуп негизделген. 1972-жылдан сүт, кефир жана сары май өндүрүлөт. 1976-ж. з-д реконструкцияланып, Венгер Эл Республикасынын сүттү кайра иштетүүчү жабдуулары орнотулган.