«АЛТЫ БАКАН»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 29 Сентябрь (Аяк оона) 2022 карата imported>Kerimova-59 тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЛТЫ БАКАН»селкинчек оюнунун бир түрү. Көчмөн кыргыз элинин эзелтеден кеңири тараган оюну. А. б-ды кыз жигиттер жайлоодо, айыл четинде, айдын жарыгында тебишкен. Бакандарды (шыргыйларды) үч-үчтөн бириктирип, башын бууп, 2,5–3 м аралыкта эки жагына орнотот.

Файл:«АЛТЫ БАКАН» 4.png

А. б-дын үстүнө туурасынан устунча бекитилет. А. б-га үч аркан байланып, селкинчек курулат. Эки аркан бел сүйөгөнгө ылайыктап өйдөрөөк, бир аркан таман (бут) койгонго төмөнүрөөк тартылат (кийинки мезгилде таман арканынын ордуна жеңил тактайлар колдонулуп жүрөт). «А. б.» селкинчек тебүү кезек м-н улантылат. Оюн-күлкү, тамаша, ыр, бий м-н коштолот.