«АЛГА» футбол командасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:09, 16 Ноябрь (Жетинин айы) 2022 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
"АЛГА"‒ Бишкектин футбол командасы. 1955-ж. «Спартак» ыктыярдуу спорт коомунун респ. жыйынында «Спартак» деген ат м-н түзүлгөн. 1960‒94-ж. «А.» деп аталган. 1956‒63-ж. СССРдин футбол б-ча биринчилиги үчүн «Б.» классындагы командалар арасында ойногон. 1963-жылдан «А.» классынын 2-лигасын да ойнойт. 1970, 1973, 1975-ж. ж-а 1979-ж. «А.» классынын 1-лигасында ойногон. Команданын көпчүлүк футболчулары спорт чеберлери наамына ээ болушкан. Чет өлкөлүк улуттук ж-а клубдук командалар м-н 30дан ашуун эл аралык ж-а жолдоштук беттешүү өткөргөн. «А.» үчүн жаш спортчулар «Жаштык» (1981) командасында даярдалат. 1982-жылдан «Алга» спорт коомунун респ. советинин карамагына кирген. «А.» командасында СССР спорт чеберлери Н. Емцов, Ю. Мусаев, Г. Мерзликин, Д. Бибаев, З.Султанов, Б.Стрельцов, М. Тягусов, Г.Шевченко, П. Шубин, В. Фомин ж. б. футболчулар болгон.