«АЛАШ ОРДО»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
12:05, 25 Январь (Үчтүн айы) 2022 карата 228-323>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
‒ 1917‒20-ж. Алаш казак улуттук автономиясынын өкмөтү. «А. О.» (Улуттук Кеӊеш) 1917-ж. 5‒13-декабрда өткөн экинчи жалпы казак курултайында «Алаш» партиясы тарабынан түзүлгөн. Съездде каралган 10 маселенин ичинен эӊ маанилүүсү Алаш автономиясын түзүү ж-а анын өкмөтүн дайындоо болгон. «А. О.» өкмөтүнүн курамында 25 мүчөсү болуп, 10 орун казак-кыргыздардын арасында жашаган башка калктарга берилген, төрагалыгына А. Бөкейханов шайланган. Анын негизги милдети катары Россияда жеӊишке жетишкен соц. рев-ядан Казакстанды коргоо болгон. «А. О.» антисоветтик күчтөр м-н жакындашууга аракеттенип, атаман Дутов м-н байланыш түзүшкөн. Жарандык согушта жеӊишке жеткен Совет өкмөтү «Алаш» партиясы м-н «А. О.» өкмөтүн тараткан. Убагында Совет өкмөтү тарабынан Алаш козголоӊуна катышкандарга кечирим берилгенине карабастан, алар кийин сталиндик репрессиянын курмандыгы болушкан.

А. Жуманалиев.