«АКЖАЛГА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
11:04, 10 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

"АКЖАЛГА" – ачык акционердик коом. 1994‑жылы Жети‑Өгүз районунун Кызыл‑Суу айылындагы сыр заводунун (Караколдогу эт комбинатынын фили­алы) базасында уюшулган. Сыр өндүрүү боюнча з‑д Кыргызстанда алдыңкы орунда. Анын өндүрүмү рес­публикадан сырткары да Казакстанга, Россия­га жөнөтүлөт. Материалдык‑техникалык базасынын өнүгүшүнүн натыйжасында 1998‑жылдан тартып сыр өндүрүү көбөйдү, 2003‑жылга карата сыр чыга­руу 780 миң тоннага жеткен. Андан тышкары сүт продуктылары, балмуздактар чыгарылат.