«АКЖАЛГА»

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
06:49, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата imported>Kadyrm (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
 – ачык акционердик коом. 1994‑ж. Жети‑Өгүз р‑нунун Кызыл‑Суу айылындагы сыр з‑дунун (Караколдогу эт комбинатынын фили­алы) базасында уюшулган. Сыр өндүрүү б‑ча з‑д Кырг‑нда алдыңкы орунда. Анын өндүрүмү рес­публикадан сырткары да Казакстанга, Россия­га жөнөтүлөт. Материалдык‑техн. базасынын өнүгүшүнүн натыйжасында 1998‑жылдан тартып сыр өндүрүү көбөйдү, 2003‑ж. карата сыр чыга­руу 780 миң г га жеткен. Андан тышкары сүт продуктылары, балмуздактар чыгарылат.