«АКБЕРМЕТ» поэмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:29, 12 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АКБЕРМЕТ» - элдик поэмалары­нын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны ж‑а анын чыгармалары жөнүндө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. Акбермет Карагул кызы 1899‑ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлөт.