«АКБЕРМЕТ» поэмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:13, 18 Апрель (Чын куран) 2022 карата 180-227>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
кыргыздын элдик поэмалары­нын бири. Акбермет Карагул кызынын өмүр баяны ж‑а анын чыгармалары ж‑дө маалымат берет. Аны алгач фольклор жыйноочу К. Миф­таков 1923‑ж. Талас өрөөнүндө элдик оозеки чыгармаларды жыйнап жүргөн учурда жолук­туруп, өмүр баянын, чыгармаларын жазып ал­ган. Акбермет Карагул кызы 1899‑ж. төрөлүп, балалыгы оор турмушта өтөт. Анын ырлары негизинен арман мотивинде айтылып, бакты­сыз балалыгы, чыркырап күйгөн жаштыгы, теңсиз турмушу образдуу көркөм сүрөттөлөт.