«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:25, 27 Октябрь (Тогуздун айы) 2022 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
«АЙТЫШ» РЕСПУБЛИКАЛЫК КООМДУК ФОНДУ – төкмө акындардын чыгармачылыгын кол­доо максатында түзүлгөн мекеме. Садык Шер Нияз тарабынан негизделген (2001). 2004­жылдан фондцу төкмө акын Э. Иманалиев же­тектейт. Фонд КРдин эл артисттери, акындар А. Айталиевдин ж‑a Т. Абдиевдин айтыш мек­тебинин түптөлүшүнө, төкмө акындар респ. эл­аралык айтыштарга активдүү катышуусуна өбөлгө түзүүдө. Фонддун колдоосу м‑н «Актаң­дайлар» аттуу китеп жарык көрдү (2003), респ. айтыштардын видео, аудио кассета, компакт­дискеттери чыгарылды, үч тилде (кыргызча, орусча, англисче) өз алдынча Интернет сайт (www/aitysh/kg) ачылды (2004). «Калемгер» ада­бий клубу негизделип, УТРКнын «Айтыш», «Че­чен айтыш», «Бетме‑бет» телекөрсөтүүлөрүндө акындардын айтышы эл сыноосуна коюлуп турат.