«АЖАЛ ОРДУНА» драмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 29 Май (Бугу) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

«АЖАЛ ОРДУНА» – кыргыз музыкалык драмасы. Драманын автору – Ж. Турусбеков (1934). А. Малдыбаев, Д. Ковалёв, П. Шубин драманын музыкасынын алгачкы вариантын 1934‑жылы, ал эми соңку музыкалык редакциясын В. Власов, А. Малдыбаев, В. Фере жазган. 1938‑жылы биринчи жолу сах­нага коюлган. Ре­жиссёрлору: А. Кут­тубаев, В. Я. Васильев, дирижёру: В. Целиковский, сү­рөтчүсү: Я. Штоф­фер болушкан. Баш каармандардын об­раздарын түзгөн туңгуч аткаруучулар: А. Куттубаева (Зулайка), А. Боталиев (Искендер), А. Малдыбаев (Бектур).

Файл:«АЖАЛ ОРДУНА»6.png
«Ажал ордуна» муз. драмасы. Искендер ­К. Чодронов (1957).

Бул тарыхый музыкалык дра­мада кыргыз элинин 1916‑жылдагы көтөрүлүшү сүрөттөлгөн. Элдик мотивдер менен профессио­налдык музыканы чебер айкалыштыруунун натыйжасында «Ажал ордуна» музыкалык драмасы улуттук искусствонун жаңы баскычына көтөрүлгөн.