«АБРИСКИЛ»
«АБРИСКИЛ» – абхаз элинин баатырдык эпосу. Эпосто Абрискил баатырдын элин сүйгөндүгү, теңдик ж-а бакыт үчүн болгон күрөшү чагылдырылат. Кудайга тобо кылып сыйынбаганы үчүн Абрискилге кудай периштелерин жиберип, аны чынжыр м-н үңкүрдөгү темир мамыга байлатып коёт. 19-кылымдын 70-жылдарынан тартып «Абрискилдин» түрдүү варианттары жазылып, орус тилинде жарыялана баштаган.