АК-САЙ МӨҢГҮЛӨРҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:53, 29 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-САЙ МӨҢГҮЛӨРҮ Кыргыз Ала-Тоосунун түндүк тармагы ‒ Аюу-Төрдүн батыш капталындагы жанаша жаткан 2 мөӊгү (Чыгыш жана Батыш). Ала-Арча суусунун алабынан орун алган. Өрөөн тибиндеги мөӊгүлөргө кирет. Чыгыш Ак-Сай мөӊгүсүнүн узундугу 6,2 км, аянты 4,1 км2. Мөӊгүнүн башы деӊиз деӊгээлинен 4870 м, этеги 3220 м бийиктикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4120 м. Батыш Ак-Сай мөӊгүсүнүн узундугу 6,4 км, аянты 4,4 км2. Деӊиз деӊгээлинен эӊ бийик жаткан жери 4840 м, этеги 3220 м. Кар чегинин бийиктиги 4120 м. Мөӊгүлөр акырындап чегинүүдө. Этек мореналары даана байкалат. Алардан Ак-Сай суусу башталып, Ала-Арчага оӊ тараптан куят.