АК-МОЮН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:03, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-МОЮН, А р а ш а н – Нарын облусунун Ат-­Башы районундагы кыштак. Ак‑Моюн айыл аймагы­нын борбору. Ат‑Башы суусунун оң куймасы – Боронду суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 2294 м бийиктикте жайгашкан. Райондун бор­бору Ат‑Башы кыштагынан 23 км чыгыш тарапта. Балыкчы темир жол бекетинен 270 км. 1930‑жылы отурукташкан. Калкы 2 743 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, клуб, ки­тепкана, ФАП, маданият үйү, универмаг, турмуш­-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү бар. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатырлары А. Сейитбекова, А. Койчуманов туулган.