АК-КЫЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:25, 24 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-КЫЯ – Ош облусунун Кара‑Кулжа районундагы кыш­так. Кара‑Кочкор айыл аймагына караштуу. Ак­-Кыя суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 1430 м би­йиктикте жайгашкан. Райондун борбору Кара-­Кулжа кыштагынан 8 км. Кара‑Суу темир жол беке­тинен 86 км. 1936‑жылы отурукташкан. Калкы 2 912 (2022); негизинен дыйканчылыкта жана мал чар­басында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.