АК-ЖАР - Кочкор районундагы кыштак.

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:31, 11 Ноябрь (Жетинин айы) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-ЖАР – Нарын облусунун Кочкор районундагы кыш­так. Кум‑Дөбө айыл аймагына караштуу. Район­дун борбору Кочкор кыштагынан 15 км батыш та­рапта. Балыкчы темир жол бекетинен 75 км. Деңиз деңгээлинен 1836 м бийиктикте. Калкы 2 190 (2022); негизинен мал чарбасында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, ФАП, байланыш түйүнү, клуб, мончо, дүкөн бар. Кыштакта Социалисттик Эмгектин Бааты­ры Т. Сагынбаева туулган.