АК-БУЛАК ЧОПО КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:46, 11 Октябрь (Тогуздун айы) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БУЛАК ЧОПО КЕНИ Ысык‑Көл облусунун Түп районунда, Күрмөнтү кыштагынан 4 км батышта. 1990‑жылы геологиялык чалгындоо иштери аткарылган. Кен аймагы төртүнчүлүк мезгилине таандык, ка­лыңдыгы 1,6–19,6 м болгон кумайлуу топурак катмарынан түзүлгөн. Кумайлуу топурак «100», «125» маркадагы кирпичти өндүрүүгө жарамдуу. Кендин запасы: А категориясы боюнча 78 миң м3, В‑302 миң м3, C1‑356 миң м3, A+B+С1‑736 миң м3.