АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:48, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АК-БЕЙИТ ЭСТЕЛИКТЕРИ – Ат‑Башыдагы Арпа өрөөнүнө өтүүчү Ак‑Бейит ашуусунда, деңиз деңгээлинен 3286 м бийиктикте жайгашкан байыркы, орто кылымдарга, ошондой эле 17–18‑кылымдарга таандык көрүстөндөрдөн, күмбөз жана мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндөрдүн бир бөлүгү жол куруу учурунда бузулган. Орто кылымга (13–14‑кылым) таандык күмбөз тегерек формада болуп, жан‑жактарына эшик сыяктуу анча байкалбаган кырлар жасалган. 17–18‑кылымдарда курулган бул күмбөз – архитектуранын кайталангыс үлгүсү катары эсептелет. Күмбөздүн аты менен ашуу Ак-Бейит деп аталат.
К. Табалдиев.