АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 6 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙЛАНМА КАРАЖАТТАР – айланма фонддор­дун жана жүгүртүү фонддорунун акчалай туюнт­масы. Айланма каражаттарга өндүрүш запастары, бүтө элек өндүрүштүк даяр продукция, накта акча каражаты жана эсептеги каражат кирет. Кайталап өндүрүү процессинде Айланма каражаттар бир эле учурда өндүрүш чөйрөсүн жана жүгүртүүнү камтуучу өндүрүш фонддорунун түрдүү баскычтарында жана түрдүү формасында айланат. Калыптануу булактары­на жараша Айланма каражаттар өздүк жана насыя болуп бөлүнөт.