АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:26, 3 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРКЕН ФЛЮОРИТ КЕНИ Баткен облусунун Кадамжай районунда, Айдаркен руднигинен 8 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 1650–1950 м бийиктик­те. Түштүк Кыргыз геологиялык экспедициясы чалгындоо иштерин жүргүзүп, 1978‑жылы запасын бекит­кен. Карбон мезгилинин тоо тектеринен түзүлгөн ар түрдүү брекчияларындагы сымап‑сурьма кенташ тулкулары менен флюорит минералы байла­нышкан. Флюорит майда кристаллдуу уя түрүндө кездешет. Кенташтагы флюорит 16,57%ин түзөт. Флюоритти металлургияда флюс катары пайдаланса болот. Флюориттин С1 категориясы боюнча запасы – 267 миң т, С2 – 270 миң т, 1997‑ж. карата баланстагы запасы Ц – 261 миң т, С2 – 269 миң т.