АЙДАРБЕКОВ Курманкул

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
04:44, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙДАРБЕКОВ Курманкул [1916, Чүй облусу, Кант (азыркы Ысык‑Ата) району, Жер‑Казар кыштагы - ­1974, ошол эле жерде] – механизатор, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1965).

Файл:АЙДАРБЕКОВ50.png

Эмгек жолун 1929-жылы Кант районундагы «Алга» колхо­зунда катардагы колхозчу болуп иштөөдөн баштаган. Улуу Ата Мекендик со­гуштун катышуучусу. 1944-56-жылдары ошол эле кол­хоздун кой фермасынын башчысы, 1956-63-жылдары кант кызылчасын өстүрүүчү ком­плекстүү механикалашты­рылган бригаданын звено башчысы, 1963-жылдан бригадир болгон.. Ал башкарган бригада кант кызылчасын өстүрүүдө мыкты ийгиликтерге жетишип, 1964-жылы 280 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 454 цден, 1965-жылы 310 га жердин ар гектарынан 518 цден түшүм жыйнап алган. 1967-­75-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин депутаты. Ленин ордени менен сыйланган.