АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙГЫР-ЖАЛ КӨРҮСТӨНҮ – б. з. 1–5‑кылымдарында Теңир‑Тоо аймагында жашаган көчмөн уруулар­га таандык археологиялык эстелик. Нарын шаарынын батыш тарабында (7 км) жайгашкан. Бийиктиги 0,3— 0,8 м, диаметри 12 м чейин келген 100гө жакын дөбө‑мүрзөлөрдөн турат. Көрүстөндө адамдар жалгыз, кээде түгөйү менен казанактуу жана жар­ма көрлөргө башы кыбыланы каратып коюлган. Көрүстөндөн карапа, жыгач идиштер, бы­чак, жебенин учу ж. б. табылган. Байыркы түрк дооруна таандык жоокердин ээр‑токумдуу аты менен кошо көмүлгөн көрүстөндөр да кездешкен. 1954‑жылы А. К. Кибиров тарабынан изилденген. Бүгүнкү күндө эстелик толук сакталган эмес.
К. Табалдиев.