АЙБИКЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:39, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЙБИКЕ, М а д а н и я т – Баткен облусунун Лейлек районундагы кыштак. Тогуз‑Булак айыл аймагына караштуу. Ак‑Тайлак тоосунун этегинде, деңиз деңгээлинен 1400 м бийиктикте, Лейлек–Баткен автомобиль жолунун боюнда жайгашкан. Райондун борбору Исфана шаарынан 27 км чыгыш тарапта. Пролетарск темир жол бекетинен (Тажикстан) 72 км. Калкы 1690 (2009); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, ФАП бар.