АЙ-КӨЛ көлү
АЙ-КӨЛ – Түркстан кырка тоосунун түндүк капталындагы Ак‑Суу суусунун төрүндө жайгашкан тоо көлү. Лейлек районунун аймагында. Узундугу 2,2 км, туурасы 0,4 км. Аянты 1,0 км2, суусунун көлөмү 57 млн м3. Деңиз деңгээлинен 2938 м бийиктикте жайгашкан. Бөгөт көлдөрдүн тибине кирет. Бөгөттүн узундугу 1,5 км. Too этектери көлгө тик түшөт. Көлдөн Ак‑Суу суусу башталат.