АЗУРИТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:38, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗУРИТ (французча azurite – көгүлтүр) – карбонат­тар классындагы минерал. Химиялык формуласы Си3[С03]2(0Н)2. Моноклин сингониясында кристаллданат. Катуу­лугу Моос шкаласы боюнча 3,5–4, тыгыздыгы 3773 кг/м3. Салыштырма салмагы 3,77, өңү кочкул көк, айнек сымал жалтырак. Табиятта халькопирит, борнит ж. б. минералдардын кычкылдануусунан пайда болот. Азурит – курамында 55,3% жез кез­дешкендиктен жездин баалуу кенташы. Көк боёк жасоого да пайдала­нылат.

Файл:АЗУРИТ40.png