АЗОНАЛУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:37, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗОНАЛУУЛУК (а... жанa грекче zone – алкак, зона) ­белгилүү бир аймакта зоналуулук закон чене­минен тышкары өзгөчө бир табигый кубулуш­тун таралышы. Адатта азоналуулук рельефтин геологиялык түзүлүшүнө, тектоникалык режимине, морфострукту­расына ж. б. эндогендик факторлоруна байланыштуу. Азоналуулук климаттын, суу режиминин, кыр­тыштын жана органика дүйнөсүнүн өзгөчөлүгү менен айырмаланат. Азоналуулук тоолордо даана байкалат.