АЗЕЗИЛ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:48, 4 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АЗЕЗИЛ (ар. – азгыруучу, арбоочу) – диний тү­шүнүк боюнча адамдарды Алланын ак жолунан тай­дырып, күнөөгө батыруучу периштенин бир аты (к. Ибилис). Курандан кийин тараган айтым­дарда Ибилистин көктөн (асмандан) куулуш тарыхы ар түрдүү баяндалат. Айрым маалымат­тарда анын аты Азезил же ал‑Харис экендиги, жерге перилердин жаңжалын басуу үчүн жибе­рилгендиги айтылат. Бирок жеңишине шыктан­ган Азезил өзүн ааламдын буйрукчусу катары сезип, Алланын бийлигине багынбай кеткен. Куранда кээ бир адамдардын чындыкка ишенбей арам­дыкка барганын периште атын жамынган Азезилдин иши деп түшүндүрөт.