АДРЕСТҮҮЛҮК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:28, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДРЕСТҮҮЛҮК (ЭЭМде) – электрондук эсепте­гич машинанын командасындагы адрестер саны. Адрестүүлүк аткарылып жаткан операциялардын байла­ныштуулугуна жана мүнөзүнө, машинанын раз­ряддык торунун узундугуна, оперативдүү эске тутуучу түзүлүштүн сыйымдуулугуна жана струк­турасына жараша аныкталат. Адрес саны боюнча командалар бир, көп адрестүү жана адрессиз болуп бөлүнөт. Машиналардын Адрестүүлүгү туруктуу жана өзгөрмө болуп айырмаланат. Туруктуу Адрестүүлүктө командалар кодундагы адрестердин саны өзгөрбөйт. Өзгөрмө Адрестүүлүктөгү машинада эсептөө учурунда 4 адрестүү команда системасынан 3 адрестүү команда системасына өтүүгө мүмкүн болот.