АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ
АДОБЕ АКРОБАТ СИСТЕМАСЫ (ADOBE ACROBAT) – бир нече иштетүү чөйрөсү менен бирдиктүү документтерди даярдоо жанa таратуу системасы. Adobe Systems басмаканасы тарабынан иштелип чыккан. Адобе акробат системасы аркылуу PDF (Portable Document Format) калыбындагы файлдарды түзүүгө болот. Мындай файлдарды анын программаларын иштете алган каалагандай компьютердик системаларда окууга болот. Бул программанын калыбын Windows, Macintosh ж‑a Unix сыяктуу кеңири белгилүү иштетүү системалары колдойт.