АДЕНОВ Жумабай Аликеевич

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:56, 2 Апрель (Чын куран) 2025 карата imported>Dilde тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДЕНОВ Жумабай Аликеевич (1948‑жылы туулган, Чүй облусу, Кемин району, Кызыл‑Суу айылы) –химик, химия илимдеринин доктору (1999). КМУну (1971), Кыргыз ССР ИАнын органикалык эмес жана физикалык химия институтунун аспирантурасын (1977) бүтүргөн. Ошол институтта кенже, улук илимий кызматкер, 1986‑жылдан КММАда кафедра башчысы. Химия жана химиялык технология боюнча илимий иштерди жүргүзгөн. Химиялык технология боюнча бир нече илимй эмгектердин автору.

Эмг.: Соединения сурьмы с винной кислотой и ее производные (в соавторстве). Б., 1991; Биологическая роль химических элементов и применение в ветеринарии. Б., 1999; Биогендик элементтер. Б., 2000.