АДВЕКЦИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:25, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АДВЕКЦИЯ (лат. advectio – жеткирүү) – 1) Me­теорологияда – абанын горизонталдык багыт боюнча таралышы. Абанын касиеттерине жараша басымдык Адвекция, жылуу же муздак Адвекуция, суу буусунун Адвекциясы ж. б. деп ажыратылат. Адвекциянын таасиринен аба ырайы өзгөрөт. Мисалы, тоңгон кыртыштын үстүнө жылуу аба келсе, туман пайда болот.

2) Геологияда – тоотек катмарларынын тыгыздыгына байланыштуу алардын орун которушу. Тыгыздыгы анча эмес тоотек катмарлары нык тоотектердин үстүнө катмарланса Адвекция жүрөт. Мисалы, туз катмарлары терриген чөкмөлөрүнүн астында жатып калса, кийин алар сыгылып чыгат.