АГАССИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:20, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГАССИС, А г а с с и (Agassiz) Жан Луи Родольф (28.5.1807, Мотье, Швейцария ‒ 12.12.1873, Кембриж, АКШ) ‒ швейцариялык табият таануучу, Ж. Кювьенин шакирти, Петербург ИАнын чет элдик мүчөсү (1869), 1846-жылдан АКШда бир катар университеттердин профессору. Гарвард университетинин алдында салыштырма анатомия, биогеография, геология, систематика жана палеонтология боюнча эмгектердин, анын ичинде 5 томдук «Казылып алынган балыктарды изилдөө» (1833‒43) деген эмгектердин автору. Түрлөрдүн өзгөрүшүн танып, Ч. Дарвиндин эволюция теориясына каршы болгон.