АГА

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:39, 15 Сентябрь (Аяк оона) 2023 карата imported>Adina тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АГА ‒ жашы улуу эркек тууганына кичүүлөрдүн урматтап кайрылышы, жалпы эле кичүүлөрдүн улууларды урматтап аташы. Ага болуу кыргыздын үй-бүлөлүк мамилелеринде олуттуу парз, өзүнөн кичүүлөр жөнүндө кам көрүү, аларды ар кандай кокустуктардан сактоо чараларын алдын алуу жоопкерчилиги менен жашоо. Акын Арстанбек Буйлаш уулунун ыр саптарында: «Агасы өлсө, не болот? Айтаарга сөзү кем болот. Иниси өлсө не болот, чабаарга камчы кем болот» ‒ деп айтылат.