АВТОРДУК КЕП

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:04, 25 Январь (Үчтүн айы) 2023 карата imported>Mariya тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОРДУК КЕП ‒ чыгармадагы каармандардын сөзүнөн башка окуянын ордун, мезгилин жана шартын сүрөттөгөн автордун баяндоосу. Автордук кеп каармандын мүнөзүн тереӊ ачуу максатында келтирилет да, негизинен окуянын өнүгүшүн түшүндүрөт. Көбүнчө сюжеттүү чыгармаларда, айрыкча кара сөздө колдонулат.