АВТОГАМИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:14, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВТОГАМИЯ (автожана гр. gamos ‒ нике) ‒ 1) татаал түзүлүштүү өсүмдүктөрдүн өзүн өзү чаӊдаштыруусу. Аларга дан өсүмдүктөрүнөн буудай, сулу, арпа, чанактуулардан буурчак, төө буурчак ж. б., көпчүлүк отоо чөптөр кирет; 2) бир клеткалуу организмдердин өзүн өзү уруктандыруусу. Анда эки ядронун биригиши жүрөт (мис., диатом балырлары, айрым амёбаларда). Мында клетка ядросу экиге бөлүнүп, алар жетилгенден кийин кайра кошулат.