АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
07:50, 10 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

[АВСТРА́ЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ]

АВСТРАЛИЯ ПЛАТФОРМАСЫ ‒  Австралия материгинин батыш жана борбордук  бөлүктөрүн, ошондой эле  Жаӊы Гвинея аралынын түштүгүн камтыган кембрийге чейинки байыркы структура. Архей ‒ төмөнкү протерозой фундаменти метаморфизмге дуушарланган жанар тоо, гнейс, гранит тоо тектеринен түзүлгөн. Жогорку протерозой ‒ палеозойдун чөкмөлөрү (жабындысы) терриген, карбонаттуу жана жанар тоо (платобазальт) тектеринен турат, к. Австралия.