АВИАЦИЯ СПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:11, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИАЦИЯ СПОРТУ — спорттун авиациялык түрлөрүнүн жалпы аты. Ага авиамодель спорту, парашют спорту, планер спорту кирет. Эл аралык авиация федерациясы 1905-жылы түзүлгөн. Авиация спорту Кыргызстанда 1934-жылы уюшулган. Бишкектеги авиация клубунда көп сандаган атактуу учкучтар (алардын катарында эки жолку Советтер Союзунун Баатыры Т. Бегельдинов ж. б.) тарбияланган. Азыр республикада авиация спортунун көптөгөн чеберлери бар, анын ичинде И. Иванников – авиамоделизм боюнча дүйнөнүн рекордсмени.