АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
02:10, 12 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: категория кошуу) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВИАМОДЕЛЬ СПОРТУ – спорттун кеңири таралган түрү; учуучу моделдерди (самолёт, планер, вертолёт, ракета ж. б.) конструкциялоо жана даярдоо, ылдамдыгын, учуу узактыгын жана жогорку пилотаждык фигураларды аткаруу сапатын сыноону башкаруу боюнча мелдеш. Учуучу моделдердин 1-мелдеши 1905-жылы Францияда өткөрүлгөн. Ага планер моделдери гана катышкан. Эл аралык авиамодель комиссиясы 1923-жылы негизделген. Бул спорт боюнча мелдештер негизги категорияга бөлүнөт: эркин учуучу; айланып учуучу; радио менен башкаруучу. Дүйнөлүк чемпионат 1925-жылдан өткөрүлөт.