АВАЧА ЖАНАР ТООСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:42, 14 Август (Баш оона) 2023 карата imported>Begay тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АВАЧА ЖАНАР ТООСУ – Камчатканын түштүк-чыгышындагы аракеттеги жанар тоо. Бийиктиги 2741 м. «Жанар тоодогу жанар тоо» тибине кирет. Андезиттүү жана базальттуу лава, туф жана шлактан турат. Көп жолу атылган (акыркы жолу 1945-ж.). Капталдарында ташка өсчү кайың токою, жапалак бал карагай кездешет. Ага жакын жерде вулканология илимий станциясы иштейт.