АБСУРД ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:26, 27 Июль (Теке) 2023 карата imported>Temirkan тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСУРД ТЕАТРЫ - Батыш Европанын театрындагы, драматургиядагы агым. Францияда 1950-жылдардын башында пайда болгон. Абсурд театрына күтүүсүз, маанисиз сюжеттер, каармандардын эпсиз кылык-жоругу, ошондой эле кызыксыз жашоону, максаттардын ишке ашпоосун сезүү мүнөздүү. Абсурд театрынын көрүнүктүү өкүлдөрү Эжен Ионеско, Сэмюэль Беккет.