АБСОЛЮТТУК МИНИМУМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:37, 11 Сентябрь (Аяк оона) 2024 карата imported>Kadyrm (→‎top: clean up) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

АБСОЛЮТТУК МИНИМУМ – метеорологиялык элементтердин (абанын температурасы, атмосфералык басымы ж. б.) белгилүү бир чөйрөдө, аймакта, өлкөдө же жалпы эле Жер шарында көп жылдык байкоо жүргүзүүнүн негизинде аныкталган эң төмөнкү өлчөмү; эң суук жер. Дүйнө жүзүндөгү эң суук жер Антарктидада, анда (Чыгыш станциясында) температуранын абсолюттук минимуму –89,2°С катталган, Түндүк жарым шарда –68°С (Якутиядагы Оймякондо), Кыргызстанда –54°Сге чейин (Ак-Сайда) төмөндөгөн.